Султанбаев: Президент АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен барды. Аны лизингге сатып алуу макулдашылган

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Президент Нью-Йоркко учуп барган жеке учактын таржымалы тууралуу айтып берди.

-Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири Президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет.

Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады.

Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.

Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы аягына чыкты.

Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Урматтуу достор, өзүңүздөр билгендей, кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди.

Болуп жаткан окуялардын фонунда Президенттин БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарына жеке өзү катышуусу боюнча чечим эң акыркы убакта кабыл алынды.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк бийик трибунадан дүйнө коомчулугуна чек арадагы кырдаалга байланыштуу чындыкты, объективдүү маалыматтарды, маселенин таржымалын жеткиргени туура деген бүтүмгө келди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты