Садыр Жапаров: Добуштарды кол менен санап чыгууга эч ким тоскоол болбойт

  • 2 года мурун

Президент  Садыр Жапаров  парламенттик шайлоодон кийин нааразы болгон партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга эч ким тоскоол болбой турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

-Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду. Добуштарды уурдады деп ызы — чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча, бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат, -деди Садыр Жапаров.

«Ата Мекен», «Социал-Демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» саясий партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКны таратууну талап кылып чыгышты.

28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир учурда иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өткөнү көрсөтүлгөн.

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%
  • «Ишеним» — 24,09%
  • «Ынтымак» — 20,69%
  • «Альянс» — 14,47%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%
  • «Ыйман Нуру» — 10,19%
  • «Эл Үмүтү» — 8,90%
  • «Азаттык» — 7,90%
  • «Социал-демократтар» — 6,32%
  • «Ата Мекен» — 6,45%

Бирок, бул жыйынтык жарыялангандан бир аз убакыт өтпөй сайтынан алынып салынып, пайыздык көрсөткүчтөрү башка сандарды көрсөткөн жыйынтык жарыяланган. 

Алдын ала жыйынтык боюнча, төмөндөгү партиялар 5 пайыздык чектен өттү:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,91%
  • «Ишеним» — 13,55%
  • «Ынтымак» — 10,88%
  • «Альянс» — 8,82%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,77%
  • «Ыйман Нуру» — 6,03%
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты