Садыр Жапаров Анкарага жеке учак менен барган

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров 15-мартта Анкарага жеке учак менен барганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев kloop.kg басылмасына тастыктады.
“Азыркы күндө бортту лизингге алуу процедурасы аяктай элек. Ошондуктан учактын ээси болгон компания менен макулдашуунун натыйжасында, кыргыз тарап учактын күйүүчү майынын чыгымын гана төлөдү” деп билдирди Султанбаев.

Flightradar24 сервисинин маалыматы боюнча, Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter, авиакомпаниясынын бизнес-джети менен барган, борттун модели-Embraer Lineage 1000. Бул бортто бир саат учуунун баасы 14 850 доллар турарын. Factcheck.kg журналисттери аныктаган .

<strong>Садыр Жапаров Анкарага жеке учак менен барган</strong>
<strong>Садыр Жапаров Анкарага жеке учак менен барган</strong>

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапары менен барган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатканын үч ай мурда Фейсбуктагы баракчасына билдирген.

Бул Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү» – деген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты