Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган.

Ошону менен бирге Түркиянын Президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Түркияда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты