Президент Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. 

Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү.  Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде  чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.

Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев  катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында   Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты