Кышкы Олимпиада ачылышында Максим Гордеев Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты (Видео)

Бүгүн, 4-февралда, Пекин шаарында Кышкы олимпиада оюндары ачылды. Кыргызстандын атынан лыжачы Максим Гордеев ачылышка катышып, Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү.

Аны менен бирге миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да ачылыш аземинде парадга катышты.  

Президент Садыр Жапаров башка мамлекеттердин башчыларынын катарында Кышкы Олимпиаданын ачылышына көз салып турат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегени. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу — Игорь Борисов.

УОКтун маалыматына караганда, Максим Гордеев жана Игорь Борисовдон сырткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын делегация курамына миссиянын башчысы, УОК кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Маматов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев барды.  

Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.  

Кышкы олимпиадага 91 өлкөдөн 2,9 миң спортчу катышат. Анда 15 түр боюнча 109 комплект сыйлык ойнотулат.

Сүрөт: ANNE-CHRISTINE POUJOULAT

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты