Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине эмнеге катышкан жок? -Жооп
- 7 дней мурун
- Жаңылыктар
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпагандыгынын себебин билдирди.
“Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөбүздө өтүп жаткан маанилүү эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу пландалган. Бирок Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунда адам курмандыктарына жана адамдардын дайынсыз жоголушуна алып келген табигый кырсык орун алгандыгына байланыштуу, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай эле коюу суранычын билдирген” деп жазды Аскат Алакөзов Фейсбук тармагына.
Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр белгиленген программага ылайык улантылары айтылды.
26-августта Непал жана Кытайдын Тибет чек арасындагы Тришули дайрасында жер көчкү түшүп, катуу сел жүргөн. Непалда 4500 кишинин дайыны билинбей жаткандыгы айтылган. Ал эми сел жүргөн Кытайда 500 дөй киши дайынсыз. Сел кырсыгы болуп өткөн Непалда жана Кытайда 919 киши каза тапкандыгы тастыкталган.
Кечээ, 31-августта, «Бишкек Арена» стадионунда Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылыш hаземи өттү. Ачылыш аземи дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.
Алардын катарында Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бар.
Сүрөт: president.kg




