Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейде «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу экспозициянын ачылыш аземи 18-августта өттү.

Иш-чарада мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көргөзмө Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый-маданий байланыштарын, эки элдин өз ара урмат-сыйын жана достугун чагылдырган маанилүү маданий окуя экенин белгиледи.

Анын айтымында, көргөзмөнүн аталышындагы «гармония» түшүнүгү кыргыз жана кытай элдеринин дүйнө таанымында өзгөчө орунду ээлеп, адам менен жаратылыштын, коом менен маданияттын, өткөн менен бүгүнкү күндүн өз ара байланышын билдирет.

Экспозицияга үч музей фонддорунан 153 баалуу экспонат коюлуп, анын 115и Тяньцзинь музейинен, 30у Ички Монголия музейинен жана 8иКыргыз Ресубликасынын Улуттук тарых музейинен алынган.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көргөзмө Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кыргызстанда өтүүчү саммитинин алкагындагы маданий иш-чаралардын бири катары уюштурулуп жатканын айтты.

Ошондой эле Улуттук тарых музейи, Тяньцзинь музейи жана Ички Монголия музейинин кызматташтыгы илимий изилдөөлөрдү, адистердин тажрыйба алмашуусун жана биргелешкен көргөзмөлөрдү өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Арслан Койчиев көргөзмө кыргызстандыктарды жана өлкөгө келген конокторду Байыркы Кытайдын уникалдуу маданияты менен тааныштырып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларын билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты