Владимир Путин менен Си Цзиньпин Кытайда жолугушту
- 3 недели мурун
Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр бүгүн, 20-майда, эртең менен Пекин шаарында өттү.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү Кытайдын Тяньаньмэнь аянтындагы Элдик жыйналыштар үйүндө чакан курамда өттү. Сүйлөшүү бир жарым саатка жакын созулду. Андан кийин делегациянын курамындагылар кеңири сүйлөшүүлөргө өттү.
“Синьхуа” агенттиги билдиргендей, Си Цзиньпин эл аралык абал туруксуз, тынч эмес, бир тараптуу иш-аракеттер жана гегемонизм орун алып жаткандыгы тууралуу билдирди. Анын айтуусу боюнча, Кытай менен Россия эки өлкөнүн өнүгүшүнө көмөктөшүп, глобалдык башкаруу системасын адилет жана акыл чегинде кылууга умтулушу керек.
Владимир Путин Москва менен Пекиндин кызматташтыгы жаңы заманда мамлекет аралык кызматташтыктын үлгүсү болуп калгандыгын белгиледи. Эки өлкөнүн мамилеси бир нече жолу бекемдикке сынаган сынактардан өткөндүгү кошумчаланды.
Сүрөт: 20-май 2026-жыл. Reuters




