Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити: Биринчи май район тургундары ачылышын кайдан көрө алат?
- 6 дней мурун
- Жаңылыктар
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин иш-чараларына карата Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагында атайын фан-зоналар уюштурулат. Анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин жана саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Фан-зоналар төмөнкү жайларда жайгашат:
— Түлөбердиев атындагы парк (Көкчө тоо көчөсү менен Түлөбердиев көчөсүнүн кесилиши);
— Гандбол аянтчасы – Токтоналиев көчөсү, 62.
Ар бир аянтчага 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз көрсөтүү үчүн чоң LED-экрандар орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин келген коноктор үчүн эстрада ырчылары менен чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Фан-зоналардын аймагында сүрөткө түшүүчү көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу жайлары иштейт.
Ошондой эле каалоочулар үчүн тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу улуттук оюндар жана башка интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат.
Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШКУ саммитинин өткөрүлүү датасына жакын кошумча жарыяланат.
2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында борбордук Ала-Тоо аянтында чоң фан-зона уюштурулат.
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулат. Жалпысынан Бишкек шаарында 11 аянтча иштейт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Түлөбердиев паркы. president.kg




