Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» президенти болуп дайындалган Алмаз Барыктабасовду жамаатка тааныштырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-августта, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине барды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунуна жетекчи болуп дайындалган Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал эми компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарын тапшыруу жана  17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу керектигин айтып,  жаңы жетекчиликке жана кызматкерлерге  ийгилик каалады.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. 

Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясын май айында текшерип, финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгын аныктаган. 

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички иштер министрлигинин, эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы маалымдалды.

29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

4-апрелде, Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышы боюнча өлкөнүн элине түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өткөнүн белгилеген.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты