«Спруттагы» комиссар Каттани менен жолугуу. Микеле Плачидо Кыргызстанга жеке киностудия ачууну пландоодо
- 4 недели мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 12-июнунда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, (УКМК) төрага Камчыбек Ташиев эл аралык кинофестивалдын алкагында Кыргызстанга келген белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушту.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Плачидонун Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалдарга катышуусу, туризм маселелери талкууланды.
Актер Микеле Плачидо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин сунуштаган демилгелерин чын жүрөктөн колдоого даяр экенин билдирип, Бишкекте жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, баарлашуу учурунда Микеле Плачидо Кыргыз Республикасынын аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Микеле Плачидо — «Спрут» телесериалында Комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр. Ал ошондой эле “Үч бир тууган” (1981), «Пиццерия аркылуу байланыш» (1985) жана «Бейтааныш кыз» (2007) тасмаларындагы башкы эркектин ролу үчүн Италиянын башкы кино сыйлыгы болгон “Давид ди Донателлого” үч жолу көрсөтүлгөн.
Мындан улам УКМК башчысы Ташиев кинематография тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Микеле Плачидонун чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Бишкек шаарында өтүп жаткан III Бишкек эл аралык кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалга италиялык белгилүү актер жана кинорежиссер Микело Плачидо келди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы