Италиялык актер жана режиссер Микело Плачидо Бишкекке келди. Эл аралык кинофестиваль ачылды  

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарында өтүп жаткан III Бишкек эл аралык кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалга италиялык белгилүү актер жана кинорежиссер Микело Плачидо келди. Фестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт, 7 мастер-класс өтөт жана байге фонду бар питчинг уюштурулат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты  министрлиги билдиргендей, салтанаттуу ачылыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында өтүп, концерттик пролог менен коштолду. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталды.

Анда белгилүү аткаруучу Нурайым Азыкбаева, “Кенч” дуэти жана “Шаттык” бий ансамбли музыкалык номер тартуулады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек эл аралык кинофестивалы 2023-жылдан бери өткөрүлүп жатканын, кыска убакыттын ичинде ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы маанилүү маданий окуялардын катарына кирип, өлкөбүздүн маданий жүзү, улуттук бренди болууга татыктуу болгонун белгилеп өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сөз сүйлөп, фестивалды ачык деп жарыялады.

Андан соң сахнага дүйнөгө белгилүү италиялык актёр жана режиссер Микело Плачидо чакырылып, ага министр Мирбек Мамбеталиев “Кинематографиядагы легендарлуу жетишкендиктери үчүн” сыйлык тапшырды. Микело Плачидо жөнүндө видеоролик көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.

Фестивалдын калыстар тобу да сахнада тааныштырылып, ар бир кино сынактын төрагалары өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эл аралык, Борбордук Азия жана Кыргыз-Бокс конкурсунун катышуучуларынын тасмаларынын трейлерлери экранда көрсөтүлдү.

Фестивалдын алкагындагы программалар 15-июнга чейин уланат.

Быйыл фестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт, 7 мастер-класс өтөт жана байге фонду бар питчинг уюштурулат.

Бишкек эл аралык кинофестивалы кино тармагындагы кесипкөйлөрдү бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кино долбоорлорду ишке ашыруу, дүйнөлүк киноиндустриянын көңүлүн Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарына, ошону менен бирге жалпы эле Борбор Азия аймагына бурдуруу үчүн түзүлгөн индустриалдык аянтча.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты