Соттор кеңеши үч экс-судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 21-ноябрда, Соттор кеңешинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиевдин Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын экс-судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин кабыл алды.
“Судьялар кеңеши материалдарды карап чыгып, башкы прокуратуранын сунушун канааттандырып, Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды” деп айтылат Соттор кеңешинин маалыматында.
Аталган соттордун ысымдары бир нече кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыпталып кармалган Кумарбек Абдыровдун ишинде аталган. Абдыров бир нече жолу адам өлтүрүүгө барганы айтылат. Ошол кездерде судьялар чечимдерди алмаштырып койгондгу айтылган.
27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы А.К. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Кылмышка шектелип 41 жаштагы Кумарбек Абдыров аттуу жаран кармалган. Жогорку соттун басма сөз кызматы шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү берене менен соттолгонун билдирген.




