Сот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болду

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту эркин журналист Зулпукар Сапановдун ишинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаганы белгилүү.

Мындай чечим май айында эле чыкканын адвокаты Акмат Алагушев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жогорку Сот Зулпукар Сапановго райондук жана шаардык сот чыгарган өкүмдөрдү былтыр жокко чыгарып, ишти артка кайтарган.

Зулпукар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган” деп айыпталып, 2017-жылдын 12-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилип, сот залынан камакка алынган.

Ага кылмыш-жаза кодексинин “Улут аралык, расалык же диний кастыкты козутуу” беренеси менен кине коюлган.

Бишкек шаардык соту 29-сентябрда журналистти сот залынан бошоткон. Анын төрт жылдык жаза мөөнөтү калтырылып, эки жыл жаза аткаруу кызматынын каттоосунда жүрүп, мыйзам бузбаса, жазасынан толук бошотулмай болгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты