Журналист Зулпукар Сапановдун камакка алынышы чектен чыккан жаза

Журналист Зулпукар Сапановдун камакка алынышы чектен чыккан жаза“Диний кастыкты козутту” деген айып менен журналист Зулпукар Сапанов 4 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Журналисттин актоочулары чечим менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко арызданарын айтышты.

Эске салсак, журналист “Кыдыр санжырасы” деп аталган китепти жазган. Автордун буга чейин билдиргенине караганда, китеп кыргыздын оң канат, сол канат, ичкилигин бириктирип, ынтымакка чакырган китеп. Буга карабай Биринчи май райондук соту “мусулманчылыкка шек келтирген, коркунуч жараткан» деген негизде күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты.

Журналисттин китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар” деген жүйө менен УКМКга кайрылышкан. Тергөөнү атайын кызмат жүргүздү.

Журналисттин камалышы боюнча Сөз эркиндигин коргоо комитети билдирүү таратты. “Зулпукар Сапановдун камалышы өлкөдөгү ансыз деле чыңалып бараткан диний мамилелерди ого бетер ырбатышы мүмкүн жана башкалар үчүн ал өтө терс, коркунучтуу үлгү болуу коркунучун жаратат. Мындай соттор болуп жаткан учурда динден сырткары болуп эсептелген бийликтин билмексен болуусу дагы өтө коркунучтуу. Конституция боюнча, Кыргыз Республикасы – динден сырткары мамлекет, сот Марат Сыдыковдун чечими болсо, Конституциянын бул негиз салуучу биринчи беренесине шек келтирет. Бийлик – өзүнө каршы сын айткан эркин журналисттердин оозун соттордун колу менен жаап жаткан учурда эми диний чөйрө бүткүл өлкөгө бирдиктүү диний көз караш таңуулай баштадыбы? Сапанов жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна каршы арыз менен кайрылууга даярданууда, ошондуктан Сөз эркиндигин коргоо комитети шаардык соттун коллегиясынан – маселени дыкат жана бейтарап карап чыгууну суранат. Муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын болсо комитет – ырайымсыз маанайдагы диний чөйрөдө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүүгө үндөйт. Антпегенде, диний абал өлкөдө ого бетер курчуп кете берет” деп жазылат билдирүүдө.

Журналисттин философиялык көз карашы үчүн камакка алынганы Кыргызстанга аброй алып келбей турганын айтат коомдук активист Эдил Байсалов.

“Зулпукардын камалышынан мына 24 саат єтє элек, бирок дүйнөлүк коомчулукта эң чоң резонансты жаратты. Дуу дей эле түштү. Мага түнү бир канча эл аралык уюмдун эксперттери жана изилдөөчүлөрү чалып, иштин бүт деталдарын сурап, «балким, ал дагы бир кылмыш кылгандыр, кантип эле китеп үчүн камалды?» деп кайра-кайра ишене албай турушту. Азыр Варшавада ЕККУнун жылына өтчү адам укуктары боюнча кеңешмеси өтүп жатат. Ал жерде 55 мамлекеттин делегаттары, бардык эл аралык уюмдар, укук коргоочулар топтолду. Сөзсүз бүгүн-эртен Зулпукар Сапановдун ысымы кайра-кайра айтылат. Бул ойго сыйбас бир көрүнүш. Орто кылымдагы кадимки инквизиция. Биз үчүн өтө чоң уят! Атамбаев бир жылдан бери эле какшап келатты эле го «Кайда баратабыз?» деп! Мына ушул Афганистанды көздөй баратабыз! Зулпукарга боштондук талап кылабыз! Кимде ким сөзгө макул болбосо, сөз менен жооп берсин. Мамлекет жана сот мындай адабий-философиялык көзкарашы келишпей калган үчүн төрт жылга камакка алуу — бул кыргызды болуп көрбөгөндөй дүйнөгө шерменде кылды” дейт Байсалов.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты