Сот Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтүн узартты

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май рай райондук сотунун чечими менен экс-вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Бул тууралуу 24kg басылмасына Разковдун адвокаты Айбек Өмүров билдирди.

Сот экс-вице-премьер Разаков Бишкектеги СИЗО-1 абагында дагы эки ай камакта калуу бөгөт чарасын кабыл алды. .  

“Соттун бул чечимине биз аразыданабыз. Кылмыш иши жарандык-укуктук тартипте каралышы керек болчу. Себеби ал карыздан баш тартып жаткан жери жок” деп билдирди адвокат.  

Разаков 24-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1 млн. АКШ долларын алдоо жолу менен алган деп шектелип жатканын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өткөн жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. (Бурханов Арзыбек-ред.) аттуу жаран мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүүнү суранып, арыз жазган.

“Жабырлануучу арызында Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген”, – деп айтылат.

Милиция 2022-жылдын 1-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) менен иш козгогон. Разаков 24-январда кармалган. 26-январда шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулду. Тергөө уланып жатат.

Разаков 24-февралга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыгарылган.

Ал сот залына кирип бара жатып парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастады. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айтууда.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Сүрөттө: Жеңиш Разаков. Интернет булактарынан.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты