Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 1 год мурун

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Разаков кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ЖМК өз булактарына таянып Жеңиш Разаков Бурхановдон 1 млн 200 миң доллар алып, кайра кайтарып бербегенин жазышууда.

ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча маалымат тактала элек экенин билдирди.

Жеңиш Разаков 2017-2018-жылдары президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Милициянын полковниги наамына ээ.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты