Депутат Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын билдирди

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын жана дарылануусу аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтаарын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.     

-Мен учурда Түркияда дарыланып жатам. Тилекке каршы жүрөгүмө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан, акыркы төрт күндөн бери телефонумду жана башка байланыштарды колдоно албай калдым. Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду, -деп, ал тынчсыздангандарга ыраазылык билдирди.  

Ошондой эле депутат Айбек Осмонов экөөнү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти дегендерге да жооп берди:

-Мындан сырткары буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп, Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир тероррист сыяктуу катуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып, мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй-бүлөсү менен чыгыптыр, -деди депутат Атазов.

-Буюрса, аз күндөрдө дарылануу курсум аяктап, барып калам,- деди Шайлообек Атазов.  

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Мындай маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты