Сот Next TV телеканалынын арызын канааттандыруудан баш тартты

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын жактоочуларынын арызын канааттандыруудан баш тартты. 22-марттагы отурумда сот арызды карап, телеканалдын кызматкерлерине дээрлик үч жумадан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берген жок.

Каналдын жетекчиси, саясатчы Равшан Жээнбеков сот чечимдерин басым катары баалоодо:

“Телеканал чыкпай койсо деле болот. Бирок анын жабылышы Кыргызстанда сөз эркиндигине, эркиндикке жана демократияга басым болуп эсептелет”.

Буга чейин Next TVнын жактоочулары тергөөчү бардык документтерди өзү менен кошо алып кеткендиктен, кеңсени жабык кармоого негиз жок экенин билдиришкен.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мөөр басып кеткен иш бөлмөлөрдө кызматкерлердин буюмдарды, зарыл дары-дармектери калганын айтып жатышат.

Бүгүнкү сот отурумунда прокуратура Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Быйыл 3-мартта УКМК «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, телеканалдын директорун камакка алган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты