Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиев эки айга камалды (Видео)

Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиев Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин убактылуу абак жайына эки айга камалды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 5-мартта чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камалган. 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.   

Сүрөт: Телеканалды жана Таалай Дүйшөнбиевди колдоо митинг учурунан. ПолитКлиника.

  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты