«Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок». Султанбаев жалган маалымат таратпоого чакырды

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 6-мартта кайрылуу жасап, дүйнөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

«Сиздерден сураныч, дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. «Интернеттен алдык» деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса «сөз эркиндигин ооздуктап жатат» деп айтып чыгасыздар.

Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту жергиликтүү Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

“Улуттар аралык кастыкты козутуу” деген берене менен кылмыш иши козголгон телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин айтып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты