Сот Мамыркулованы кастыкты козутуу беренеси боюнча актады. Пробациялык мөөнөтү үч жыл болду
- 4 недели мурун
Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча актоо өкүмүн чыгарды.
Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасында билдирди.
-Бишкек шаардык соту Канышай Мамыркулованы кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, кастыкты козутуу беренеси боюнча актады. Бирок кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык баш аламандык чакырыгы боюнча күнөөлүү деп тапты жана анын пробациялык мөөнөтү үч жыл болуп кыскарды,-деп билдирди Гүлшайыр Абдирасулова.
10-февралда Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын аппеляциялык доо арызы боюнча сот отуруму 13-февралга жылдырылган.
Канышай Мамыркулованын иши, жалпы процесс боюнча адвокат Акынбек Ногоев 10-февралда буларды айткан:
-Канышай Мамыркуловага мыйзамсыз, негизсиз козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн жарыш сөзгө өттүк. Биринчиден, мен позициямды, сот отурумдарында болгон мүчүлүштүктөр боюнча, биздин мыйзамдуу, жүйөлүү, негиздүү өтүнүчтөрүбүздү четке какканы боюнча да сотко айта баштаганда, соттук коллегия менин оозумду жаап, токтотуп койду. Буга коллегам дагы, мен дагы каршы пикирибизди билдирдик, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 93-беренесинде, жарыш сөз болуп жатканда сот жарыш сөздөргө катышууга эч кандай тоскоолдук көрсөтпөш керек жана аны токтотпош керек. Бул жерде токтотуунун себеби деп, соттук коллегия иштин маңызын айтпай, башка жакка өтүп кеттиңер деген жүйөнү келтирди. Бирок сот отурумунда, жарыш сөздө мыйзамдуу, жүйөөлүү себептерди айтып жатканбыз. Эгерде Канышай Мамыркулованын кылмыш иши боюнча бир гана эксперт Абдыкожоевдин корутундусуна ылайык айыпталып жатса, сот отурумунда эксперт Абдыкожоев «мага материалдар толук берилген эмес» деп айтып жатса, биз ошол боюнча өтүнүчүбүздү келтирсек, бирок сот ага карабастан четке кагып жатса, биз башка эмнени айта алабыз? Ар тараптуулук сакталган жок да, ошону айтып жатканда сот биздин оозубузду жапканга аракет кылды. Буга чейин болуп жаткан видео жазууга уруксатты да токтотуп койду,- деди адвокат Акынбек Ногоев.
2025-жылы 3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 2025-жылы 20-мартта Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн массалык баш аламандыкка чакырык жасоого жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.
Сүрөттөр: «ПолитКлиника». Бишкек шаардык соттогу отурум учурунда. 10-февраль 2026-жыл.




