Сот Курманбек Дыйканбаевди актады

  • 2 года мурун

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев акталды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан ЖМКга билдирди.

Буга чейин Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташып, УКМКнын эсебине 7 млн сом төлөп берген.   

Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмышка шектелип кармалган. Президенттин парламенттеги ошол кездеги өкүлү кайсы бир партия кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишана жетекчилеринин биринен 7 млн сомдон ашуу каражатты берүүгө мажбурлаган.

Дыйканбаев Курманбек — Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы 14-февралда дайындалган. Ал 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңеш депутаттыгына “Биримдик” партиясынан талапкер болгон.

 2020-жылы 24-ноябрда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен камакка алынган Курманбек Дыйканбаев 2021-жылы 13-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

Сүрөттө: Курманбек Дыйканбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты