Курманбек Дыйканбаев Президенттин ЖКдагы өкүлү болуп дайындалды

 

Курманбек Дыйканбаев Президенттин ЖКдагы өкүлү болуп дайындалды

Дыйканбаев Курманбек Сапарович — Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда кол койду.

Буга чейин бул кызматта иштеген Молдакун Абдылдаев кызматынан бошотулду.

Курманбек Дыйканбаев — 57 жашта, кесиби боюнча ветеринардык врач. “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, Өмүрбек Бабанов ЖК депутаты кезинде анын коомдук кеңешчиси болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты