Сот Юруслан Тойчубековду 5-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды

  • 1 месяц мурун

Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубеков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 5-апрелге чейин камакка алынды.   

Юруслан Тойчубеков  MCN Coin иши боюнча кармалганын күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына шилтеме берүү менен Kaktus.media басылмасы билдирди.

Басылманын жеке булактары билдиргендей, Юруслан Тойчубеков 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

MCN coin криптовалюта сатып алып, алданып калгандарына арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылып берилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радио” эфиринде билдирди.

“Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин («Алдамчылык») 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда” деди ал.

7-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту MCN Coin криптовалюта сатып, 2,5 млн долларды алдап алууга шектүүлөрдү камакка алды. М.Д.С. жана С.И.С. 5-апрелге чейин камакка алынды.

Сүрөттө: Юруслан Тойчубеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты