Сот Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн  баш тартты.

Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Фарид Ниязовдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда быйыл апрелде 18-июнга чейин деп аныкталган.

Фарид Ниязов 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып кармалган.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди, Канат Сагымбаевди, Фарид Ниязовду бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган. Кийин Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов үй камагына чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты