Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды
- 8 месяцев мурун
Жалал-Абад шаардык сотунун 22-февралдагы чечими менен блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу Жолболдуева “Азаттыкка” ырастады.
Батмакан Жолболдуева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Батмакан Жолболдуева интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы белгиленген.
2023-жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.
2023 жылы 23-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы