Сот Бишкек мэриясынын Сүрөтчүлөр үйү боюнча чечимдерин мыйзамдуу деп тапты

  • 2 месяца мурун

29-апрелде Бишкек административдик соту «Сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин Бишкек шаардык мэриясына каршы доо арызын канааттандырган жок.

Бишкек мэриясынын 2026-жылдын 23-февралындагы  №52 «Муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу маселелери жөнүндө» токтому күчүндө калтырылды.

Мындан тышкары, соттун 2026-жылдын 29-апрелиндеги аныктамасы менен аталган жер тилкесине кандайдыр бир аракет жасоого тыюу салган, мурда кабыл алынган камсыздоо чаралары жокко чыгарылды.

Сүрөтчүлөр союзуна берилген Чүй проспектиси, 108 дарегиндеги жер тилкесин пайдалануу шарттарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу боюнча чара көргөн.

Мэрия мүлк өз максатына ылайык пайдаланылбай, имарат коммерциялык максаттарда, анын ичинде жеке нотариалдык кеңсе, автосалон, дүкөн, авиабилет кассасы жана кеңсе үчүн ижарага берилгендигин белгилеген.

2026-жылдын 23-февралындагы №52 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясы аталган жер участогун пайдаланууга берүү жөнүндө 1995-жылдын 18-декабрындагы №253 токтомун жокко чыгарды.

Инвестицияларды тартуу, шаардык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана борбордун бирдиктүү архитектуралык-шаар куруу көрүнүшүн  түзүү максатында президентинин иш башкармалыгынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңешке бул жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жөнөтүлгөн.

Сүрөттө: Сүрөтчүлөр үйү. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты