Бишкек мэри Жунушалиев: Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала берет
- 2 месяца мурун
Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен «Сүрөтчүлөр үйү» үчүн жер тилкесине байланыштуу маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мэр бул маселе дагы карала турганын жана жер тилкеси муниципалдык менчикте кала берерин белгиледи.
«Сүрөтчүлөр үйү» имараты Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары каралганга чейин кадимки режимде иштей бермекчи.
Мурда «Сүрөтчүлөр үйү» үчүн Сүрөтчүлөр союзуна берилген Чүй проспектиси, 108 дарегиндеги жер тилкесин пайдалануу шарттарынын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу боюнча чара көргөн.
Мэрия мүлк өз максатына ылайык пайдаланылбай, имарат коммерциялык максаттарда, анын ичинде жеке нотариалдык кеңсе, автосалон, дүкөн, авиабилет кассасы жана кеңсе үчүн ижарага берилгендигин белгиледи.
2026-жылдын 23-февралындагы №52 токтому менен Бишкек шаарынын мэриясы аталган жер участогун пайдаланууга берүү жөнүндө 1995-жылдын 18-декабрындагы №253 токтомун жокко чыгарды.
Инвестицияларды тартуу, шаардык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана борбордун бирдиктүү архитектуралык-шаар куруу көрүнүшүн түзүү максатында президентинин иш башкармалыгынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңешке бул жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жөнөтүлгөн.
Сүрөттө: Сүрөтчүлөр үйү. Интернет булактарынан




