Сот «Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча доо арызын кароону токтотту 

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын административдик соту “Азаттыктын” Финансылык чалгын кызматына каршы  банк эсебинин бөгөттөлүшүнө каршы доо арызын карады. Сот “Азаттыктын” аталган доо арызын кароону токтотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди. Адвокаттын айтымында, сот доону кароону токтотуп койгондугун “Азаттыктын” кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине киргизилген эместиги аныкталганына байланыштуу деп тапты.

Сот ишти карап, андан кийин гана чечим чыгарылыш керек болчу деп белгиледи адвокат.

Адвокат соттун бул чечимине каршы доо арыз бериле тургандыгын маалымдады.   

9-февралда Бишкек шаарынын административдик соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырган.

Өткөн жылы 31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. 2-ноябрда “Демирбанк” “Азаттык Медианын” эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирген.

Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бар бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, “Азаттыктын” “Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен” чыгарылганын расмий жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты