«Азаттыктын» Финчалгынга каршы арызын кароону сот март айына жылдырды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-февралда, Бишкек шаарынын административдик соту «Азаттык Медиа» мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды.

Процессте аталган медианын адвокаты Нурбек Сыдыков Чалгын кызматынын «Азаттыктын» банктагы эсебин бөгөттөө тууралуу буйругун берүүнү өтүндү жана судья бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок жоопкер тараптын жанында бул документ жок болгондуктан судья бул документти «Азаттыктын» юристтерине берүүнү тапшырып, жараянды 16-мартка жылдырды.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет. “Азаттык” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Былтыр 22-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу “Азаттык Медианын” банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Булак: «Азаттык» медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты