Сот Адахан Мадумаровдун камактагы мөөнөтүн эки айга узартты

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 9-апрелге чейин камакта калтырылды.  

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 8-февралда чыгарды.   

Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу жайында кармалууда.

Биринчиси — Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып коюлууда.

Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган.

Экинчи козголгон кылмыш иши  Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты