“Сосновка” жана “Арал” постторунда жеңил унааларга чектөө алынды

  • 3 недели мурун

22-январда саат 22:20да Бишкек — Ош унаа жолунун «Сосновка» жана «Арал» постторунда жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

22-январда Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Мындай чечим Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынганы белгиленди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты