«Сосновка» жана «Арал» посттору оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

  • 3 месяца мурун

Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дө алынды. Ал эми саат 9:40та “Арал” посту ачылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кечээ, 8-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып (№9 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.

Ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 8-декабрда саат 03:00дөн тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты