Бишкекте шаар четине каттаган таксилер үчүн Чыгыш автобекетинде унаа токтотуучу жай даярдалды
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Бишкекте шаар четине каттаган таксилердин жана чыгыш, түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган унаанын ишин иретке келтирүү максатында Чыгыш автобекетинин аймагында унаа токтотуучу жай даярдалды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аламүдүн базарынын аймагында жүргүнчүлөрдү түшүрүп жана салып жаткан ташуучулар Чыгыш автобекетинин маңдайында атайын даярдалган аянтчага көчүрүлөт.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




