“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген
- 2 месяца мурун
Бишкек—Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 8-декабрда саат 17:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы»Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө, убактылуу чектөө күчүндө турат.
Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү