Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр оор болгонун айтты
- 1 месяц мурун
2020-жылдагы октябрь окуяларынын 5 жылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди.
Беш жыл мурда сиз түрмөдөн чыкканда, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр кандай жүрдү, эмне жөнүндө талкуу болду эле деген суроого Садыр Жапаров мындайча жооп берди:
— Сооронбай Шарипович 8-октябрь күнү пайда болду. 6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. “Эмне болду?”- десем, “Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатыптыр, кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз” дешти.
Колдорунда куралдары бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум. Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары – ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. Баарын аянтка алып келип асабыз дешет. “Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок” деп ынандырып жатып, араң макул кылдым. Ызы-чуу. “Сен өзүң бийликке туруп-турбай жатып коррупционерлерди колдой баштадың” дешет. Баарын мыйзам чегинде жазалайбыз десем, “Кустура аласыңбы?” дешет. Ооба “кустурам” дейм.“Кустурузация” деген сөз ошондон калган. “Люстрация кыласыңбы?” дешет.
“Ооба, “люстрация кылам”,- дейм. «Камайсыңбы?» дешет. “Ооба, камайм»,- дейм.
Айтор, эмне дешсе да, макул болуп жатам. “Бир гана суранычым – кан төгүлбөсүн. Эгер кан төгө турган болсоңор, мен лидерликтен баш тартам” дедим.
Себеби дүйнөлүк коомчулук бизди жапайы эл катары көрүп калат. Кошуна өлкөлөр дарбазасын жабат. Көпкө чейин өзүбүзгө келе албай калабыз, мени менен эч ким эсептешпей коёт деп жатам.
Эгер кичине эле кан төгүлгөндө, кимдир бирөөлөрдүн кыялындагы «эч ким эсептешпейт, эч ким мамиле түзбөй коёт, эч ким бизге келбейт» деген кыялы накта ошондо ишке ашмак. Кийин анын күнү туумак. «Мына, мен айттым беле» деп какшап жүрмөк.
Элестетсеңиз, мен өзүм түрмөдөн чыгып бийликти алып атсам, анан мурдагы чиновниктердин каны төгүлүп жатса, дүйнөлүк ММКлар мен кан төгүп жаткандай көрсөтмөк да. Элдин жини келип, 30 жылдан берки ууру чиновниктердин кылыгына тоюп кетип, эл өзү жасап жатканына эч ким ишенмек эмес.
Ошентип, 8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр өтө оор өтүп жатты. 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти,-деди президент Садыр Жапаров маегинде.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл аянтка чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Ак үйдү басып алышкан. Толкундоолор учурунда абакта жаза өтөп жаткан жана тергөө абагында жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%н алып, расмий түрдө президент болуп шайланган.
Сүрөт: president.kg




