«Тазалык” ишканасынын каналга түшүп кеткен үч кызматкеринин экинчисинин сөөгү табылды
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районунда ЖЭБдин (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кетип, изделип жаткан “Тазалык” ишканасынын үч кызматкеринин экинчисинин сөөгү табылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн, 31-декабрда билдирди.
2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кеткен, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ал эми калган экөөнү (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т) издөөгө бүгүн жалпы 150 киши тартылган.
Ушул сааттарга карата дагы бир адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан алынып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Жеринде издөө ишин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялоодо. ӨКМден жалпы 90 куткаруучу тартылган, анын ичинен: ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан 55 куткаруучу, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 18, КДМБдан 5, Ысык-Ата райондук №27 өрттөн куткаруу бөлүгүнөн 6, Аламүдүн райондук №1 өрттөн куткаруу бөлүгүнөн 7, Бишкек шаардык мэриясынан 30 кызматкер, ИИМден 30 кызматкер, жалпы 150 киши издөөдө.
Буга чейин 30-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн кичи районундагы Чоң Чүй каналына үч киши агып кеткени маалымдалган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул каргашалуу окуя боюнча билдирүү жасап, Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү бөлүнгөн жерди тазалап бүтүп, жумуш убактысы аяктагандан кийин, саат 8:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кеткендигин билдирген.
Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ




