«Тазалык» ишканасынын үч кызматкери каналга чөгүп кетти. Мэриянын билдирүүсү
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 2025-жылдын 30-декабрында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү бөлүнгөн жерди тазалап бүтүп, жумуш убактысы аяктагандан кийин, саат 8:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге дароо барды. Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.
Бүгүн, 30-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен үч кишиин (аты-жөндөрү такталууда) биринин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Буга чейин бүгүн, 30-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн кичи районундагы Чоң Чүй каналына үч киши агып кеткени маалымдалган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




