Куткаруучулар Бишкекте каналга түшүп кеткен эки жаш баланын сөөгүн алып чыгышты   

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 29-январда, Бишкек шаарынын “Бакай-Ата” конушунун Кыргыл чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендиги тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинен (ИИМ) Өзгөчө кырдалдар министрлигине кабарланган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылып, 2016-жылы туулган кыздын жана 2019-жылы туулган жаш баланын сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалыматтарга караганда канал жакка балдар муз тебүүгө барышчу. Аталган жаш балдар да саат 17лерде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Аларды издөөгө үй-бүлөсү, жакындары менен бирге кошуналары, конуштун тургундары да көмөк көрсөткөн. Жаш балдардын өлүмүнүн болжолдуу себеби сууга чөгүп кетүү болгон.

Ички иштер органдары тиешелүү экспертиза дайындап, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Милиция жана ӨКМ балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, аларды кароосуз калтырбоого, сак болууга чакырат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты