Соңку жети күндүн ичинде Украинада 2 000 тургун каза болду

  • 2 года мурун

Украинанын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) согуш башталган жети күндүн ичинде орус аскерлеринин огунан өлкөдө 2 миңге жакын жайкын тургун көз жумганын билдирди.

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, каза болгондордун 21и эрезеге жете элек балдар болсо, дагы 55 бала жаракат алган.

Күн мурун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын расмий өкүлү Шабия Манту акыркы бир жуманын ичинде Украинанын аймагынан 835тен ашык киши чыгып кеткенин билдирген. 

Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссраы Филиппо Гранди Твиттер баракчасында билдирди.

«Болгону жети күндөн ичинде биз Украинадан коңшу өлкөлөргө качкан миллион качкынга күбө болдук” деди Филиппо Гранди.

2-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги согуштагы жоготуулар тууралуу алгачкы жолу  маалымат берди. Ага ылайык, Украинада 498 орус жоокери курман болуп, 1597си жаракат алган.

Украинанын Коргоо министрлиги согуш башталгандан бери Орусия 6 миңге жакын жоокерин жоготконун билдирүүдө.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты