Украин качкындарынын саны 1 миллионго жетти  

  • 2 года мурун

Украин качкындарынын саны бир миллионго жетти.

Бул тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссраы Филиппо Гранди Твиттер баракчасында билдирди.

«Болгону жети күндөн ичинде биз Украинадан коңшу өлкөлөргө качкан миллион качкынга күбө болдук” деди Филиппо Гранди.

“Дагы өлкөнүн ичиндеги миллиондогон адамдарды куткаруу үчүн гуманитардык жардам берүү үчүн бул атышууну токтотуу керек” деди ал.      

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 28-февралда болгон. Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду бүгүн болоору күтүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты