Шойгу: Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдар Орусияга каршы ишмердүүлүгүн күчөтүштү

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Украинада согуш уланып жаткан маалда Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдардын Орусияга каршы аракеттери күчөгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал 27-февралда өзү жетектеген министрликтин коллегиясында айтты.

Шойгунун айтымында, Борбор Азияда 100дөн ашык «батышчыл ири бейөкмөт уюмдар» иштейт жана алардын 16 миңден ашык өкүлчүлүктөрү бар.

«Атайын аскердик операциянын фонунда бул бейөкмөт уюмдар Борбор Азия мамлекеттеринин Орусия менен аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташтыгын начарлатуу максатында Орусияга каршы аракеттерин кыйла күчөтүштү. Биз активдүү чараларды көрүп жатабыз» деди Шойгу. Бирок кандай чаралар көрүлүп жатканын айткан жок.

Орусиянын коргоо министри быйыл Борбор Азияда негизги күч-аракеттер чөлкөмдөгү кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймактарындагы жети машыгууга катышууга багыттала турганын кошумчалады.

«Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды «чет өлкөлүк агент» деп тааный алат. Саясий ишмердүүлүктүн критерийлери мыйзамда так аныкталбагандыктан, документ орус бийлигине билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, экология жана адам укуктарын коргоо тармагында иштеген уюмдарды да куугунтуктоого жол берет. Натыйжада Орусияда көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылган же алардын ишмердүүлүгү кыйла чектелген.

Жогорку Кеңеш 22-февралда «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдогон.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты