Жогорку Кеңештин комитети “чет элдик өкүл” долбоорун экинчи окууда колдоду
- 8 месяцев мурун
Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду.
Эми мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыгып, биринчи окууда жактырылган.
Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган.
Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү.
Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).
Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.