ШКУга мүчө мамлекет башчылары саммитке катышууга келишти

Бүгүн, 31-августта, “Ырыс Ордо” Конгресс-борборуна Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин делегация башчылары ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн келишти.

Саммиттин ишине катышуу үчүн: Беларустун президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин келишти.

Мамлекет башчыларды президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Маалымдалгандай, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат, ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты