Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана «ШКУ плюс» жолугушуусу ачылат

Бүгүн, 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Бул иш-чараларга Беларусь президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Того Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Мисир Араб Республикасынын вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.

Эл аралык уюмдардан Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы катчысы Кайрат Сарыбай катышат.

Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат,-деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат, ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.

“ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда БУУнун координациялоочу негизги ролун жана эл аралык укукту бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Алдыдагы саммит Кыргыз Республикасынын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты