Шейх Аль Нахайян жана Абдулазиз падышанын чокусу: Мыйзам долбоору ЖКда кабыл алынды
- 1 год мурун
Бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңеште Бириккен Араб эмираттарынын шейхи Заед бин Султан Аль Нахайян жана Сауд Аравиясынын падышасы Абдулазиздин ысымдарын Кыргызстандагы Ак-Шыйрак тоо кыркаларынын аты жок чокуларына ыйгаруу боюнча мвйзам долбоору кабыл алынды.
Мыйзамдын демилгечиси-Министрлер кабинети.
Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жайгашкан № 354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” ысмы ыйгарылат. Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы № 331 мөңгүгө Сауд Аравиясынын падышасы Абдулазиздин ысымы ыйгарылат.
Аталган эки мамлекет Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүп келгендиги белгиленүүдө.
Заед бин Султан шейхи – Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган. Сауд Арабиясынан мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн. доллар келет. Абдул Азиз – Сауд Арабиясынын биринчи падышасы.
Сүрөт: Интернет булактарынан.