Жети-Өгүздөгү мөңгүлөргө араб лидерлеринин ысымын берүү сунушу парламентте каралат

  • 11 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян, дагы бирине Падыша Абдул Азиз деген аталыш ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.. Мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште караары күтүлүүдө .

Мыйзам долбоорун Министрдер кабинети сунуштады.

Комитет жыйынында мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев мөңгүгө атын коюу сунушталып жаткан адамдар кимдар кимдер экенин, алардын Кыргызстанга салымын айтып берди.

“Шейх Заед бин Султан — Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган. Сауд Арабиясынан Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн. доллар келет. Абдул Азиз — Сауд Арабиясынын биринчи падышасы ”- деди Байдылдаев.

Ал эки мамлекет тең Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келгенин белгиледи.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты