Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 9-декабрда келет

  • 1 год мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 9-декабрда келет.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Артыкбаевдин айтымында, Мирзиёевдин сапары учурунда бир катар документтерге кол коюлат.

9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөөрү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 17-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


15-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты